10:03
USD 88.33
EUR 95.26
RUB 0.96

Кыргызстанда бир жумада 269 мас айдоочу айыпка жыгылды

Өткөн жума ичинде Кыргызстанда 22 миң 534 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алардын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 347;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 269;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 77;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 890;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 миң 221;
  • авто ээнбаштык — 4;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 миң 507;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 7;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары —11 миң 370

Мындан тышкары ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 842 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар