02:37
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Ошто эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалды

Ошто кылмыштуу чөйрөдө Шрэк каймана аты менен белгилүү болгон эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, ал коңшу мамлекеттер менен баңгизаттарды жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурган. Шрэк 29-апрелде кармалып, тергөө абагына киргизилген.

«Колдо болгон ыкчам маалыматтарга ылайык, Я.М. Ош облусунун негизги баңги өндүрүүчүлөрүнүн бири болуп саналат, баңги агымынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт, кылмыштуу иштерин уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу астында жүргүзүп келген. Мындан тышкары, Я.М. уюшкан кылмыштуу баңги топторунун лидери катары ИИМдин каттоосунда турат. Буга чейин Россия Федерациясынын аймагында героинди сатуу жана сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган», — деп айтылат маалыматта.

УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш уланып жатканын белгиледи. Я.М. аттуу жарандын кылмыштуу иш-аракеттеринен жабыр тарткандар болсо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине 0312 660475, 0312 626504, 03222 70009 номерлери аркылуу кайрыла алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума