12:08
USD 88.33
EUR 95.26
RUB 0.96

Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды

Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзгөн райондук сотунун административдик-чарба бөлүмүнүн кызматкери И.Т.З. жарандык иш боюнча мүлктүк талашты оң жагына чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 2 миң доллары талап кылган.

24-апрелде И.Т.З. кармалып, анын унаасын жана үйүн тинтүү учурунда арыз ээси тарабынан мурда берилген 150 миң сом табылган.

И.Т.З. Өзгөн райондук сотунун кызматкери катары сотто каралып жаткан жарандык, кылмыш иштерине тиешелүү айрым маселелерди чечүү боюнча «ортомчулук» кызматты көрсөткөнү такталды.

«Келип түшкөн маалыматтар сот адилеттигине жатпаган чечимдерди чыгарууга жол бербөө үчүн акыйкатты издеген жарандар өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн ар кандай ыкмаларды издөөгө аргасыз болгондугун айгинелейт. Мындай учурларда сот кызматкерлеринин, адвокаттардын, ошондой эле ар кандай шектүү адамдардын арасынан ортомчулар пайдаланып, жарандардын көйгөйлөрүнөн алдамчылык жол менен акча табышат», — деп белгиледи УКМК.

Буга байланыштуу УКМК соттук чечимдеринин жыйынтыгына таасир этүүгө убада берген ар кандай адамдарга байланышпастан, компетенттүү органдарга арыз менен кайрылууну өтүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар