00:33
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Айыл чарба министрлиги кантты экспортоого мораторий киргизүүнү сунуштады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары кантты экспорттоого тыюу салууну сунуштады. Мекеме министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, долбоор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба товарларынын жетишсиздигине жол бербөө, бааларды турукташтыруу жана азык-түлүк товарларынын туруктуулугуна карата ички жана тышкы коркунучтарга ыкчам чара көрүү максатында иштелип чыкты.

 Бүгүнкү күндө кампаларда канттын 74 миң тонна запасы бар. Россиядан 28,5 тонна кант ташып келүү квотасы менен бирге бул 102,5 тоннага жетет. Жыл ичинде калктын ак кантка болгон муктаждыгы 145,7 миң тоннаны түзөт.

«Рыноктук баалардын ажиотажын болтурбоо үчүн, ошондой эле Россия жана Казакстандын камыш же кызылча кантын экспорттоого убактылуу тыюу салууларын эске алуу менен ак кантты (реэкспортту, транзитти, ошондой эле министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу зарыл», — деп айтылат документте.

Эң көп окулган жаңылыктар