15:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан жыл башынан бери 13 тоннага жакын алтын сатты

2023-жылдын он айында Кыргызстан 12,8 тонна алтынды 805,4 миллион долларга экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.

Бир ай ичинде көрсөткүч 2,9 тоннага өстү. 2022-жылы ушул эле мезгилде 69,4 килограмм гана алтын 905,6 миң долларга сатылган.

 Алтындын учурдагы экспортунун көлөмү өткөн жылдын деңгээлинен 185,5 эсеге көп.

Баалуу металлдын негизги көлөмү Швейцарияда сатылган. Бул өлкөгө 10,6 тонна алтын 665 миллион долларга жеткирилген. 2023-жылдын тогуз айындагы маалымат боюнча 8 тонна болчу. Демек, Кыргызстан Швейцарияга бир ай ичинде дээрлик 2,6 тонна алтын экспорттогон.

Мындан тышкары, республика Гонконгго 984,3 килограмм баалуу металлды 60 миллион долларга жана Бириккен Араб Эмираттарына 1,2 тоннаны 80,3 миллион долларга саткан.

2022-жылы жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча алтындын дээрлик бардык көлөмү Түркияга экспорттолгон. Быйыл бул өлкөгө жеткирүү болгон жок.

Эң көп окулган жаңылыктар