17:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2023-жылдын 11 айында Кыргызстан 15 тоннадан ашык алтын экспорттогон

2023-жылдын 11 айында Кыргызстан 15,4 тонна алтынды 972,8 миллион долларга экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында көрсөтүлөт.

Бир айдын ичинде көрсөткүч 2,59 тоннага өстү. 2022-жылы ушундай эле мезгил аралыгында 88,4 килограмм гана баалуу металл 1 миллион долларга сатылган.

Өткөн жылдын экспортунун көлөмү 2022-жылдын деңгээлинен 175 эсеге көп.

Баалуу металлдын экспортунун негизги көлөмү Швейцарияга туура келет. Бул өлкөгө 12,79 тонна алтын 806,95 миллион долларга жеткирилген. 2023-жылдын он айында Швейцарияга 10,6 тонна алтын сатылган. Демек, Кыргызстан бир ай ичинде аталган өлкөгө 2,19 тонна алтын экспорттогон.

Мындан тышкары, республика Гонконгго 1,3 тонна баалуу металлды 85,2 миллион долларга жана Бириккен Араб Эмираттарына 1,29 тоннаны 80,3 миллион долларга жеткирди.

2022-жылы жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнч алтындын дээрлик бардык көлөмү Түркияга экспорттолгон. 2023-жылы бул өлкөгө жеткирүү болгон эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар