19:43
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Май майрамдары. Кыргызстандыктар канча күн эс алат

Кыргызстандыктар кийинки жумада 1-майдан 5-майга чейин эс алышат. Айдын башында үч майрам бар: 1-май — Эмгек майрамы; 5-май — Конституция кабыл алынган күн жана 9-май — Жеңиш күнү.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин дем алыш болот. Ошондой эле 9-май расмий дем алыш күн болуп саналат.

Кыргызстандыктар 2-майдын (бейшемби) ордуна 6-майда (дүйшөмбү), 3-майдын (жума) ордуна 11-майда (ишемби) иштешет.

Алты күндүк иш графиги боюнча иштеген кызматкерлер 1-6-9-майда эс алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар