21:22
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Майрамдан кийин калкты тейлөө борборлору, паспорт бөлүмдөрү качан иштеп баштайт

1-январдан 7-январга чейин республика боюнча бардык калкты тейлөө борборлору жана паспорт бөлүмдөрү иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

 Алар 8-январдан тарта кадимки режимде иштеп баштайт.

«Азия Молл» соода борборунда (Айтматов проспекти, 3) жана «Глобус» гипермаркетинде (Чүй проспекти, ЖЭБдин маңдайында) жайгашкан кичи калкты тейлөө борборлору 30-декабрда саат 10:00дөн 19:00гө чейин жана 31-декабрда 10:00дөн 18:00гө чейин иштешет.

29-декабрында пилоттук долбоордун алкагында Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсү, 381 дарегиндеги калкты тейлөө борборлору саат 20:00гө чейин иштейт.

Министрлик Бишкек жана Ош шаарларында Early One тиркемеси аркылуу онлайн кезекке жазылса болорун белгиледи.

Республика боюнча 36 ири жана 5 кичи калкты тейлөө борборлору бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума