20:37
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Жаңы жылдык дем алышты январдын биринен жетисине чейин кылуу сунушталууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги министрлер кабинетинин «2024-жылдагы эс алуу күндөрүн жылдыруу жөнүндө» токтомунун долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.

Мамлекеттик жана муниципалдык, өлкөнүн бюджетинен каржыланган мекемелердин беш күндүк иш графиги боюнча иштеген кызматкерлери үчүн узак дем алыш күндөрүн:

  • 1-январдан 7-январга чейин;
  • 21-марттан 24-мартка чейин;
  • 1-майдан 5-майга чейин белгилөө сунушталды. 

Мындай графикти беш күндүк иш графиги боюнча иштеген жеке менчик юридикалык жактардын жетекчилерине колдонуу да сунушталат.

«Ошону менен бирге, «Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору менен мындан ары кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн, соода, каржы жана банк операцияларын жана башка бизнес-процесстерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү талап кылган экономикалык өсүштү камсыз кылуу максатында министрлер кабинетинин дем алыш күндөрүнө дал келген жумуш эмес майрам күндөрүн жылдыруу боюнча кошумча чечимдерин иштеп чыгуу практикасын жокко чыгаруу пландаштырылууда», — деп кошумчалады мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума