20:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Улуттук тарых музейине жаңы директор дайындалды

Кеңешбек Алмакүчүков Улуттук тарых музейинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалыматы жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министр Султан Жумагулов кол койгон.

Музейдин мурдагы директору Анаркүл Исиралиева илимий иштер боюнча директордун орун басары болуп дайындалды.

Кеңешбек Алмакүчүков 54 жашта. Ал буга чейин Кыргыз-түрк «Манас» университетинин «Туризм» адистиги боюнча башкы аттестациялык комиссиясынын төрагасы болуп иштеген. Доцент, экономика илимдеринин доктору.

Эң көп окулган жаңылыктар