10:10
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Ашпозчунун жардамчысы Чаткалдан тик учак менен эвакуацияланган

Жума күнү Чаткал районуна шашылыш түрдө тик учак жөнөтүлгөн. Жаңы-Базар айылынын тургуну, Чаарат кениндеги ашпозчунун жардамчысы Сапаркүл Умарова тез арада операцияга муктаж болгон. Калың жааган кардан улам жолдор жабылган.

Сапаркүл азыркыга чейин жеңил шокто: баары күтүүсүздөн болгондуктан дагы деле ишене албай турам дейт. Ал бейшемби күнү ооруп калганын сезген. Башында ал сыркоологонун айтпай, жумушун аткарууну аракет кылган, бирок абалы начарлап кеткенинен кесиптештери ашпозчунун жардамчысы менен бир нерсе болуп жатканын байкашкан. Нөөмөтчү дарыгер Сапаркүлдү карап чыгып, киндик чуркусу деген диагнозун коюп, тез арада операция керек экендигин аныктаган.

— Пальпация учурунда киндиктин тегерегинде 3*3 сантиметр өлчөмүндөгү катуу ооруган түзүлүшү табылган. Кийин белгилүү болгондой, бейтап чуркудан кыйналган экен, бирок мындай катуу ооруганы болгон эмес, — дейт вахтанын дарыгери Азамат Мамырбаев. — Карап чыккандан кийин болжолдуу түрдө «киндик чуркусу» деген диагнозун койгом. Абалын жеңилдетүү мүмкүн эмес, оорулуунун өмүрүнө коркунуч бар болгондуктан, шашылыш түрдө операция керек болгон.

Жакынкы айылга чейин бир сааттай жол бар, бирок ошол жана кийинки күндөрү Сапаркүл иштеген кенден чыгууга мүмкүн эмес эле. Анткени Чаарат кени Чаткал районундагы жетүүгө эң кыйын жерлердин бири болуп саналат. Ал аба ырайынын катаал шартында коопсуздук максатында жол жүрүүгө жабылган Кумбел ашуусунан ашкандан кийин жайгашкан. Адатта эч кандай кыйынчылыктар болбойт — коопсуздук көзөмөлгө алынат, жолдор салыштырмалуу кыска мөөнөткө жабылат, тамак-аш жана күйүүчү май менен болгон камсыздоосу узак мөөнөттүү начар аба-ырайын эске алуу менен жүргүзүлөт. Андан сырткары вахта учурунда дарыгер менен фельдшер бар, алар күн сайын кызматкерлерди текшерип карап турушат.

Дарыгер операцияны жасабаган учурда Сапаркүлдүн өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын айткандан кийин, жетекчилик тик учакты чакырып, ашпозчунун жардамчысын компаниянын эсебинен ооруканага шашылыш түрдө эвакуациялоо керек деген чечимине келген. Кар жаап бүткөнүнө карабастан мөөнөтүнөн эрте кар тазалоо иштери башка вахта кызматкерлери үчүн кар көчкү түшүү коркунучун пайда кылмак.

Эртең менен тик учак Сапаркүлдү Бишкекке жеткизип, аны дарыгерлердин консилиуму карап чыккандан кийин диагнозу менен тез арада операция жасоо зарылдыгы тастыкталган. Сапаргүлгө операция жасалды.

— Мени тик учак келип алып кетет деп айтышканда, мен ишенген эмесмин — бул абдан кымбат да! — дейт Сапаркүл. — Абалым жакшыраак болуп калды, чыдайм деп каршы боло баштадым. Бирок алар мени укпай коюшту, мен үчүн ушунчалык кабатыр болгондоруна абдан кубанычтамын. Анан эмне болду, тик учак кайдан келди, кайда учуп кетти деп айылдан эл жазып сурашыптыр. Ал болсо мен үчүн учуп келген...

Азыркы учурда Сапаркүл сакайып, өзүнө келип жатат. Буюрса, жакшы. Ал жана анын үй-бүлөсү иштеген бүткүл жамаатына өз убагында жана так аткарылган аракеттери үчүн абдан ыраазы. Кызматкердин өмүрү баарынан жогору экенин, компанияга канча чыгым болсо да, керектүү учурда тик учак жардамга учуп келээри анын окуясы далил болуп турат. Ээлеген кызмат орду да мындай учурда манилүү эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар