18:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандан накталай долларды алып чыгууга чектөө киргизилди

Кыргызстандан чет өлкөлүк накталай валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Мындай чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону 16-январда өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Буга өлкөдө каржы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды коргоо себеп болгону жазылган.

Чечимге ылайык, чет өлкөлүк жарандарга 5 миңден, кыргызстандык жарандарга 10 миңден көп АКШ долларын алып чыгууга тыюу салынды.

Эгер сыртка ташылып бараткан акчанын көлөмү коюлган чектен көп болсо, ашкан суммадан 10% төлөм алынат.

Чечимдин аткарылышын Чек ара кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматы көзөмөлдөйт.

Министрлер кабинети коммерциялык банктарга, акча алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга былтыр 11-марттан тарта накталай АКШ долларын өлкө аймагынан тышка алып чыгууга убактылуу тыюу салган.

Улуттук банк 13-январда Кыргызстанда валюта рыногу туруктуу экенин билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, өлкөдөгү банк системасында 650 миллион доллар бар, анын 40% накталай акча түзөт.

Өлкөнүн башкы банкы 10-январда сатыкка 104 миллион 250 миң доллар чыгарган. Мекеме мындай ири валюталык интервенцияны «жылдын биринчи жана төртүнчү кварталында долларга болгон суроо-талап жыл сайын жогорулап турган сезондук көрүнүш» деп түшүндүргөн.

Өткөн жылы Кыргызстанда улуттук валюта — сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн сегиз жолу интервенция жасалган. Сатуунун таза суммасы 295 миллион доллар болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар