06:38
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

2023-жылы микрокредит алгандардын саны 27 пайызга өстү

2023-жылдын январ-март айларында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 11 миллиард сом насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статискалык комитет билдирди.

Маалыматка караганда, 192 миң адам насыя алган.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу насыя алгандардын саны 27 пайызга, алардын финансалык уюмдарга карызы 25 пайызга көбөйдү.

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу бөлүгү, же 21 пайызын Ош облусунун тургундары түзсө, 17 пайызы — Жалал-Абад облусунун жашоочулары, 17 пайызы — Бишкек шаарынын жашоочулары.

Берилген насыялардын 18 пайызын бишкектиктер алышкан. Андан кийинки орунда Ош жана Чүй облусу турат.

Насыянын 45 пайызы керектөөчү муктаждарга, 27 пайызы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12 пайызы — соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө, 4 пайызы — курулушка берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар