05:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кытай компаниясы ТBEA Сары-Жаз дарыясына ГЭСтер каскадын курат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районунун Коммунисттик партиясынын катчысы Ма Синжуянын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, электр энергиясын жеткирүү максатында энергетикалык инфраструктураны бириктирүү жана "Бедел"өткөрмө пунктунан өтүүчү жолду куруу боюнча меморандумдарга кол коюлду.

Ошондой эле, эки өлкөнүн почта кызматтарынын кызматташтыгын кеңейтүү жана Синьцзян-Уйгур автоном районунун жогорку окуу жайларында Кыргызстандын жарандарына 25 стипендиялык орун берүү жөнүндө макулдашуулар кабыл алынды.

Энергетика министрлиги менен Кытай компаниясы TBEA Сары-Жаз дарыясындагы ГЭСтер каскадын жана Кемин-Торугарт жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу тууралуу меморандумга кол койду.

Эң көп окулган жаңылыктар