22:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусиянын колдоосу менен Ысык-Көлдүн Тоң районунда чакан ГЭС курулду

Орусиянын колдоосу менен Ысык-Көлдүн Тоң районунда чакан ГЭС курулду. Бул тууралуу «Государственные новости» порталы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Тоң районунда чакан гидроэлектростанциянын курулушу аяктады. Долбоордун жарымын фонд каржылап, 2,5 миллион доллар сарптады.

Өндүрүштүк кубаттуулугу 4,5 мегаватт болгон жаңы ГЭС Тоң районунун электр энергиясына болгон муктаждыгынын 15 пайызын камсыздайт.

Фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиковдун айтымында, жыл сайын станцияда 17,4 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар