21:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Парижде жумушчулардын иш таштоосунан улам Эйфел мунарасы жабылды

Шаршембиде Париждин негизги кооз жерлеринин бири болгон Эйфел мунарасы туристтер үчүн жабылды.

Буга кызматкерлердин иш таштоосу себеп болду. Жумушчулар башкаруучу компанияны кирешеге гана кызыгып, мунараны техникалык жактан камсыздоого жана оңдоого жетиштүү көңүл бурбай жатат деп айыпташууда.

Иш таштоону уюштурган CGT кесиптик кошууну техникалык көйгөйлөргө көңүл бурулбаса, 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарынын ачылышына чейин мунара туристтер үчүн толук жабылып калышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Кызматкерлер мунаранын техникалык абалы начар экенин буга чейин бир нече жолу айтышкан.

Кесиптик кошуун мунараны иштетип жаткан SETE компаниясынын саясатын «дымактуу жана ыраатсыз» деп атады. Жумушчулардын айтымында, SETE бюджетти түзүүдө мунарага жыл сайын 7,4 миллион турист келет деп белгилейт, бирок мындай көрсөткүч боло элек. Коронавирус пандемиясына чейин туристтердин саны кээде жети миллионго жетчү, бирок кийин кескин азайып, 2022-жылы 5,9 миллионго гана араң чыккан.

Мунараны курган инженер Густав Эйфель 1923-жылы 27-декабрда каза болгон. CGT кесиптик кошууну иш таштоону «символикалык күндөгү символикалык акция» деп атады.

Эң көп окулган жаңылыктар