01:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыз-келиндер арасында футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Бишкекте кыз-келиндер арасында футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу Instagram социалдык тармагында kyzdarkurama билдирди.

Ачылыш беттешинде «Алга» командасы «Виватты» (экөө тең Бишкектен) 8:1 эсебинде утту.

Чемпионатка жалпысынан жети команда катышууда: «Алга», «Виват», Момунов атындагы Академия (Ош), «Жаштык» (Майлы-Суу), «ФА Алтай» (Нарын), «Беловодск», «Ысык-Көл» (Каракол).

Турнир өз талаасында жана атаандаштын талаасында «ар бири менен» принциби боюнча эки айлампада өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар