12:48
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Лобуче чокусун багындырышты

Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Лобуче чокусун багындырышты. Бул тууралуу социалдык тармактагы барачасында Альпинизм федерациясынын башчысы Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, алар менен Евразиядан биринчи жолу азиз адам аталган чокуга чыккан.

«Чокуну багындырдык! 21-апрелде саат 7.00дө беш катышуучудан турган Кыргызстандын командасы альпинисттик жана татаал Лобуче чокусуна ийгиликтүү чыкты! Арабызда мыкты пара-атлетчи, эмгек сиңирген спорт чебери дагы бар эле! Бүткүл кең Евразия боюнча бул тик чокуга чыга алган биринчи азиз адам! Бир аз чарчадык. Эртең чоо-жайы тууралуу маалымат берилет. Мен балдар менен сыймыктанам жана аларды укмуштуудай чокуларга алып баруу мен үчүн сыймык!» — деп жазган Эдуард Кубатов.

Лобуче (англ. Lobuche, Lobuje деп дагы жазылат) — Гималайдагы деңиз деңгээлинен 6 миң 119 метр бийиктикте жайгашкан тоо. Непалдын Коши провинциясынын Солукхумбу районунда, Кхумбу мөңгүсүнө жакын «Сагарматха» улуттук паркынын аймагында жайгашкан.

Тоонун эки негизги чокусу бар: Батыш Лобуче (6 миң 145 метр) жана Чыгыш Лобуче (6 миң 119 метр). Эки чокунун ортосунда кар баскан узун кырка бар. Батыш Лобуче «экспедициялык чоку» катары, ал эми Чыгыш Лобуче трекинг чокусу катары каралат.

Эске салсак, 2022-жылы күздө кыргыз улуттук экспедициясы Манаслу чокусун (деңиз деңгээлинен 8 миң 156 метр бийиктикте жайгашкан) багындырган.

Эң көп окулган жаңылыктар