04:49
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстандын Казакстандын чектөөлөрүнө жооп берүүгө мүмкүнчүлүгү жок

Кыргызстандын Казакстандын чектөөлөрүнө жооп берүүгө мүмкүнчүлүгү жок.  Бул тууралуу бүгүн «24.kg» агенттигинде өткөн кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча тегерек үстөлдө мурдакы вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, чатактын уланышы эки өлкө үчүн тең пайдалуу эмес болгондуктан жакын арада чечилиши күтүлөт.

«Азыр Кыргызстандын Казакстанга жооп берүүгө моралдык жактан укугу пайда болду. Бирок, Кыргызстан эч качан Казакстанга карата кескин кадамдарга барган эмес», — деди ал.

Олег Панкратов Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин айыптоосун четке какты. Анын айтымында, Кыргызстандын ЕАЭБке тийгизген зыяны өтө чоңойтулуп айтылууда.

10-октябрдан бери Казакстан чек арасында көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстанга бара жаткан жана Кыргызстанга келе жаткан жүк ташуучу унааларды өткөрбөй жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар