23:05
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Радиациялык калдыктарды сактоочу жайларды сактоого жылына 12 миллион сом коройт

Кыргызстан радиациялык калдыктарды сактоочу жайларды сактоого жылына 12 миллион сомго чейинки каражат коротот. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, уран калдыктарын рекультивакациялоого каражатты эл аралык уюмдар бөлөт.

«Кыргызстандын бюджетинен болгону сактоого гана бөлөбүз. Кызматкерлерге, аймакты тазалоого 8-12 миллион сом кетет», -деди ал.

Кыргызстанда 92 радиациялык калдыктарды сактоочу жай бар, алардын көбү Майлы-Суу шаарында.

Эң көп окулган жаңылыктар