20:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тогуз коргоолду дүйнөнүн 56 өлкөсүндө ойношот

Тогуз коргоолду дүйнөнүн 56 өлкөсүндө ойношот. Бул тууралуу маалымат жыйында Тогуз коргоолдун эл аралык федерациясынын президенти Камчыбек Касымов билдирди.

Айтымында, «Тогуз коргоол» колдонмосун пайдаланып, жүздөн ашуун өлкөдө бул оюнду үйрөнө башташты. «Көчмөндөр оюндарында федерация меймандарга тогуз коргоолдун такталарын белек кылган. Азыр Шри-Ланка, Колумбия жана Африканын бир нече өлкөлөрүндө ал такталарын жасап, ойной башташыптыр. Балдарын да үйрөтүп, тогуз коргоол алардын сүймөнчүк оюнуна айланганы кубандырат», — деди Камчыбек Касымов.

Эң көп окулган жаңылыктар