18:34
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Кыргызстанда жер титирөө катталды

Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, саат 15.24тө Кытайда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында (Бедел айылынан 32 чакырым түштүккө, Кумтөр кенинен 85 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 140 чакырым түштүккө) 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Эң көп окулган жаңылыктар